"Сиз абдан жөнөкөйсүз, тажрыйбалуусуз". Депутат Кожокулова Алымкадыр Бейшеналиевди мактады
RU

"Сиз абдан жөнөкөйсүз, тажрыйбалуусуз". Депутат Кожокулова Алымкадыр Бейшеналиевди мактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Алымкадыр Бейшеналиевди мактады.

Анын пикири боюнча, министрликке талапкерге башка чиновниктер тең келиши керек.

"Министрлер кабинетинин командасындагылардын ичинен эң тажрыйбалуусу сизсиз. Көрөгөч башчысыз, өз ишиңизде кесипкөйсүз. Сиз абдан жөнөкөй жана тарбиялуусуз. Сиз тажрыйбаңыз, маанайыңыз менен эмгек жамаатка, жаш адистерге бөлүшсөңүз, сизден үлгү алышса дейм. Көп учурда компетентсиздигин, тарбиясыздыгын көрсөткөн чиновниктер менен мамлекеттик кызматкерлерди көрүп жатабыз. Мен сиздин талапкерлигиңизди толугу менен колдойм, ийгилик каалайм", - деди эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14362