16-сентябрда Валентина Шевченко мексикалык Грассо менен реванштык беттеш өткөрөт
RU

16-сентябрда Валентина Шевченко мексикалык Грассо менен реванштык беттеш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-сентябрда Лас-Вегаста ММА тарыхындагы эң мыкты спортчулардын бири, UFC уюмунун жеңил салмак боюнча 7 жолку чемпиону Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен реванштык беттеш өткөрүп, чемпиондук титулун кайтарып алууга аракет кылат.

16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү Лас-Вегаста (АКШ) Мексиканын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган UFC Fight Night 227 (же Noche UFC) турнири өтөт. Негизги беттеште эң жеңил салмактагы мексикалык чемпион Алекса Грассо кыргызстандык Валентина Шевченко менен реванштык беттеште биринчи титулун коргойт.

Акыркы беттеште утулуп калганына карабастан Шевченко дагы эле фаворит бойдон калууда.

Эске салсак, 5-мартта Шевченко мескикалык мушкер Грассо менен беттешип, сегизинчи чемпиондук коргой албай калган. Анда Грассо 4-раундда кыргызстандык мушкер айымды муунту ыкмасы менен жеңген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14366