Министрликке талапкер Нурия Кутнаеваны мамлекеттик тилди үйрөнүүгө чакырышты
RU

Министрликке талапкер Нурия Кутнаеваны мамлекеттик тилди үйрөнүүгө чакырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Нурия Кутнаевага кыргыз тилин жакшылап үйрөнүүгө чакырышты. Мындай сунушун эл өкүлдөрү 13-сентябрдагы жыйынында айтышты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кутнаевадан эне тилин билбесе санариптештирүүнү кантип киргизүүнү көздөп жатканын сурады.

Талапкер эне тилдин маанилүүлүгүн түшүнөрүн, аны жакшыртууга аракет кылып жатканын айтты. "Тил үйрөтүү курстарына барып, жекече үйрөнүп жатам", - деди.

Ал эми Надира Нарматова мамлекеттик тил мыйзамына ылайык, кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматка алынбай турганын эскертти.

"Сизде кыргыздын каны бар экен, тилди үйрөнүңүз. Министр катары тил билбесеңиз кол астыңыздагылардан кантип сурайсыз", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14383