Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы дайындалган 3 министрдин ар бирине кайрылды
RU

Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы дайындалган 3 министрдин ар бирине кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевди, санариптик өнүктүрүү министри кызматына Нурия Кутнаеваны, ал эми эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Добуш берүүнүн алдында спикер Нурланбек Шакиев талапкерлерге кайрылды.

"Мүнөзүңүз өтө татаал, аны элдин баары билет экен. "Келип өч алат, бизди куугунтуктайт" деген кооптонуулар болуп жатат. Ачык эле айтып коёюн, андан өйдө болуңуз. Сиздин жигиттик, адамдык мүнөзүңүз бул кызматка абдан маанилүү. Андай жолдорго барбасаңыз. Соттун чечими менен кесипкөйлөр кызматына кайтып келишти. Ошолорго куугунтук кылбасаңыз. Эгерде кемчилиги болсо мыйзам чегинде чара көрүүгө сиздин укугуңуз бар. Бирок мыйзамдан тыш аракеттерге барбай, президенттин, парламенттин ишенимин актап, милдеттериңизди түздөн-түз аткарып, айкөл болуңуз", - деди ал Бейшеналиевге.

Ал эми Нурия Кутнаевадан мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде үйрөнүүнү суранды.

"Мамлекеттик тилди жакшылап үйрөнүп, татыктуу деңгээлде билиңиз. Президенттин өкүлүнө, Министрлер кабинетине айтарым, мындан кийин мамлекеттик кызматка кандай гана дайындоолор болбосун, биринчи кезекте кыргыз тилди билүү биринчи орунда турушу керек. Бул Конституциялык мыйзамдын талабы. Биз кийинкиде муну эске алабыз", - дейт.

Гүлнара Баатырова буга чейин жакшы иштегенин, андан ары да ийгиликтүү иштеп кетерин айтты Шакиев.

"Буга чейин жакшы иштедиңиз. Бара жаткан тармак оор. Жакшы аракеттериңиз менен татыктуу иш алып барасыз деп ишенем. Кыска аралыкта Саламаттыкты сактоо тармагына үзүрлүү эмгек кылдыңыз", - деди төрага.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14386