Ошто жер үстүндөгү жаңы өтмөктө жарака пайда болду. Мамлекеттик эксперттин түшүндүрмөсү
RU

Ошто жер үстүндөгү жаңы өтмөктө жарака пайда болду. Мамлекеттик эксперттин түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында жөө адамдар өтүүчү асма өтмөктө чоң жарака пайда болду. Бул тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучулары таратууда.

Видеодон байкалгандай, жарака көпүрө менен лифттин жанында пайда болгон. Окурмандар билдиргендей, лифт азырынча ишке кире элек.

Белгилей кетсек, жөө адамдар өтүүчү өтмөк мындан эки апта мурда – 31-августта ачылган. Ал эми августтун башында курулуш жүрүп жатканда көпүрөнүн бир тирөөчү урап түшкөн. Анын курулушуна 45,3 миллион сом жумшалган.

Мамлекеттик экспертизанын жообу

Мамлекеттик экспертиза департаментинин түштүк бөлүмүнүн конструктору Чубак Капаров жараканы авариялык кырдаал деп атоого болбой турганын айтат.

"Көпүрөдө жаракалар пайда болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул деформациялык шов (бириктирилген жер). Алар курулуш нормаларына ылайык жасалган. Көпүрөнүн диаметри 50 метрге жакын болгондуктан аны бөлүү керек болчу. Болбосо чындап жаракалар пайда болмок. Көпүрө төрт бөлүккө бөлүнүп, конструкциялар коюлган. Бул долбоордо алдын ала каралган. Бардык эле имараттарда, курулуштарда мындай деформациялык шов болот, - деди Капаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14397