2010-жылы июнь айында массалык баш аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалды
RU

2010-жылы июнь айында массалык баш аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан 2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурган деген шек менен Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 12-сентябрда Сузак районунун аймагынан 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К`ны өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышканы аныкталды.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Коопсуздук комитет тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14404