Сары кызыбызга ийгилик! Саналуу сааттардан кийин Шевченко реванштык беттеш өткөрөт
RU

Сары кызыбызга ийгилик! Саналуу сааттардан кийин Шевченко реванштык беттеш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен саналуу сааттардан кийин реванштык беттеш өткөрөт.

Аталган турнир Лас-Вегаста (АКШ) 16-сентябрда болот, бул күнү Мексиканын көз карандысыздык күнү белгиленет. Шевченконун беттеши кеченин башкы таймашы болот.

Эскерте кетсек, мушкерлер ушул жылдын мартында күч сынашып, натыйжада Шевченко муунтуу ыкмасынан улам жеңилип, UFC чемпиону титулун коргой албай калган. Бул кыргызстандык мушкер кыздын 2017-жылдан берки биринчи утулушу эле. Андан кийин Шевченко дароо эле реванш өткөрүүнү талап кылган.

Кыргызстандык мушкер Шевченко MMA спортундагы карьерасында 23 жолу атаандашын жеңип, төрт ирет жеңилүү ызаасын тарткан. Өткөн жылы Валентина кыз-келиндер арасында титулун эң көп (жети жолу) коргоп рекорд жараткан. Грассонун эсебинде 16 жеңиш, үч жеңилүү бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14422