Интимдик сүрөттөр менен шантаж кылып, келинден акча опузалаган киши кармалды
RU

Интимдик сүрөттөр менен шантаж кылып, келинден акча опузалаган киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 2021-жылдан бери аялды шантаж кылып, акча каражатын опузалап келген жаран кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү интимдик сүрөттөрдү таратам деп коркутуп келген.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) 17-сентябрда милицияга арыз менен кайрылган. Ал "интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам" деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген М.Уга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Белгилүү болгондой, М.У. 2021-жылдан бери шантаж жолу менен аялдан 200 миң сом алган.

Бул факты боюнча 208-берененин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

19-сентябрда жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын алып кетип бара жаткан жеринен шектүү кармалды. Ал Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган тургуну.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14467