Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен сүйлөштү
RU

Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясынан маалымдашат.

Жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.

Белгилесек, 14-сентябрда Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барып, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14472