Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок
RU

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-сентябрда Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана сот жообуна тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн жок.

Комиссиянын курамына киргиси келгендер:

Жанар Акаев ("Альянс");

Султанбай Айжигитов ("Ыйман Нуру");

Шарапаткан Мажитова ("Ынтымак");

Жалолидин Нурбаев ("Элдик" депутаттык тобу);

Айсара Абдибаева ("Ишеним");

Гуля Кожокулова ("Бүтүн Кыргызстан").

"Мекенчил" депутаттык тобу жана "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы комиссияга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу алардын лидерлери Элмурза Сатыбалдиев менен Бактыбек Сыдыков билдирди.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев комиссиянын курамы жети кишиден кем эмес болушу керектигин эске салды. Андан кийин Дастан Бекешев комиссиянын жетинчи мүчөсү болууга макулдугун берди.

Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында токтом долбооруна 40 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берип, токтом кабыл алынган жок. Анткени ага кеминде 46 адам добуш бериши керек.

Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен камакка алынган.

Адахан Мадумаровдун кармалышы (11 статей)
Ырчы KG Эльмурат сурактан чыкты
13 Ноябрь 2023, 17:33
Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды
26 Октябрь 2023, 13:25
Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды
14 Сентябрь 2023, 09:05
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14475