Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды
RU

Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды

Все самое интересное в Telegram

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда журналисттерге депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын СИЗОсунун башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

"Адахан Мадумаров бүгүн СИЗОдон кардиологияга которулду, кардиостимулятору бар болчу, көптөн бери кыйналып жүргөн", - деди ал.

Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. Ага 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот депутатты эки айга камакта калтырган.

Адахан Мадумаровдун кармалышы (11 макала)
Ырчы KG Эльмурат сурактан чыкты
13 Ноября 2023, 17:33
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок
20 Сентября 2023, 11:03
Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды
14 Сентября 2023, 09:05
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14815