Эртай Искаков СИЗОдон бошотулду
RU

Эртай Искаков СИЗОдон бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Эртай Искаков үй камагына чыкты. Бул туурасында анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров редакциябызга билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 20-сентябрда Сокулук райондук соту Эртай Искаковду жана Селекция айылынын эки тургунун үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалып, 2 айга камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14486