Эртай Искаков 15-сентябрга чейин камакта калтырылды
RU

Эртай Искаков 15-сентябрга чейин камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаков 15-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул туурасында анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров редакциябызга билдирди.

Кечээ, 1-августта Чүй облустук сотунда блогер Эртай Искаков менен Селекция конушунун эки тургунунун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз каралып, Сокулук райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

Ага ылайык, Эртай Искаков менен конуштун 2 тургуну 15-сентябрга чейин камакта болот.

Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13765