Олимпиадага биринчи жолдомо бар! Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында финалга чыкты
RU

Олимпиадага биринчи жолдомо бар! Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белгорад шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Айпери Медет кызы финалга чыгып, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстанга биринчи жолдомо алып келди.

Ал дүйнө чемпионатында финалга чыгуу үчүн колумбиялык Татьяна Рентерия менен күрөшүп, атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Кыргыз балбан кыз көзүно жаш алып, чыгыны эмоциасын жашырган жок.

Айпери Медет кызы килем үстүнө бүгүн, 19-сентябрда чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштады. Биринчи беттешинде румыниялык Каталина Аксентени 11:0 эсебинде утту.

1/8 финалда ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Анастасия Зимянкова менен күч сынашып, аны 44-секундда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан кыз Жастина Ди Стасиону 11:0 эсебинде утуп, дүйнө биринчиликтин жарым финалына чыкты.

Эми финалдык беттеш эртең, 20-сентябрда болуп өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14469