Валентина Шевченкого операция жасалат
RU

Валентина Шевченкого операция жасалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер арасында жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Валентина Шевченко Алекса Грассо менен болгон беттеште жаракат алган.

"Кечээ мен колумдан алган жаракатымдын жыйынтыгын алдым, ал биринчи раундда болгон. Колумда майдаланган сыныктар бар. Операцияга муктажмын", - деп жазган Шевченко социалдык тармактарда.

Анын командасынын айтымында, операциядан кийин ал бир ай гипс тагынат. Андан кийин үч ай бою колуна эч кандай жүк көтөрө, беттеше албайт.

Эскерте кетсек, 16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү Лас-Вегас шаарында (АКШ) аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 227 турнири өтүп, негизги беттеште кыз-келиндер арасында жеңил салмакта (57 кг чейин) уюмдун чемпиону Aлекса Грассо (16-3) мурдагы чемпиону Валентина Шевченко менен (22-4) реванш өткөргөн. Беттеш беш раундга чейин созулуп, тең чыгуу менен аяктаган. Ошентип, 30 жаштагы мексикалык айым UFCнин чемпиондук курун сактап калган.

Ал эми Шевченко калыстын чечими менен макул болгон эмес. Кийин кыргызстандык спортчу үчүнчү беттеш болсо - Кыргызстанда, 31-августт - Эгемендүүлүк күнүндө өтсө калыстык болоорун айтып, UFCге сунуш киргизген.

Кийин UFCнин президенти Дана Уайт Валентина Шевченко менен Алекса Грассо үчүнчү ирет беттешерин тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14491