Россия Finiko`нун уюштуруучусун Кыргызстанга өткөрүп берди
RU

Россия Finiko`нун уюштуруучусун Кыргызстанга өткөрүп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия алдамчылыкка айыпталган Finiko каржы пирамидасынын мүчөсү Чолпон Айдарованы Кыргызстанга өткөрүп берди. Мындай маалыматты Россиянын Башкы прокуратурасы билдирет.

Белгилесек, буга чейин Кыргызстан Чолпон Айдарованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аны экстрадициялоону Россиядан өтүнгөн. Россиянын Башкы прокуратурасы өтүнүчтү канааттандырган.

"Finiko`нун мүчөлөрү Кыргызстандын аймагында кылмыштуу аракеттеринин аркасында 100дөн ашык жарандын жалпы суммасы 1,2 млн доллар жана 5,7 млн ​​сомдук акча каражаттарын ээлеп алышкан. Мындан тышкары Чолпон Айдарова алдамчылык менен дагы эки жарандан ири суммадагы акча алган", - деп айтылат Россиянын Башкы прокуратурасы.

Россия менен Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү бүтө элек. Издөө жана экстрадициялоо чечими эки өлкөнүн прокуратураларынын ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча келишимди ишке ашыруунун алкагында жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнүн аркасында мүмкүн болду.

Буга чейин Finiko каржы пирамидасынын курмандыгы болгон кыргызстандыктар милицияга арыз менен кайрылышкан. Арыздардын негизинде аталган каржы пирамиданын айрым уюштуруучусу, мүчөлөрү кармалган. Ал эми дагы бир мүчөсү Москванын Басман соту тарабынан камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14501