Кыргызстан Россиядан Finiko каржы пирамидасынын мүчөсүн экстрадициялоону өтүндү
RU

Кыргызстан Россиядан Finiko каржы пирамидасынын мүчөсүн экстрадициялоону өтүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Москванын Басман соту тарабынан камакка алынган Finiko каржы пирамидасынын мүчөсүн экстрадициялоону Россиядан суранды. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, 53 жаштагы Кыргыз жаранына өз өлкөсүндө издөө жарыяланган.

"Ал 2019-жылы каржылык кызмат көрсөтүүгө жамынып жарандардын акчасын уурдоо үчүн Казанда түзүлгөн кылмыштуу топтун аймактык өкүлү жана мүчөсү болгон деп шектелүүдө - Finiko каржы пирамидасы. 2020-2021-жылдары пирамиданын мүчөлөрү Кыргызстандын 100дөн ашык жаранын жалпысынан 1,2 миллион доллар жана 5,7 миллион сомго алдап кетишкен", - деп айтылат Россиянын Башкы прокуратурасынын маалыматында.

Шектүү катары кармалган кыргызстандык аял КРнын Кылмыш-жаза кодексинин кылмыштуу топторго катышуу жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып жатканы белгиленет.

Буга чейин Finiko каржы пирамидасынын курмандыгы болгон кыргызстандыктар милицияга арыз менен кайрылышкан. Арыздардын негизинде аталган каржы пирамиданын айрым уюштуруучусу, мүчөлөрү кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11867