Кулак, мурду кесилген келиндин ишин Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алды
RU

Кулак, мурду кесилген келиндин ишин Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун Селекция айылында резонанс жараткан окуяны ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.

Селекция айылында болгон кылмышка өзгөчө көңүл бурулууда. Объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн министри Улан Ниязбеков бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу ички иликтөө кызматы тарабынан кошумча текшерилүүдө.

Бул иш-чаралар жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле мындай окуяларды алдын алууга багытталган. Милиция үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14502