Адахан Мадумаровдун тарапташын кармап кетишти
RU

Адахан Мадумаровдун тарапташын кармап кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун тарапташы Орунбай Кадыралиевди кармап кетишти. Маалыматты редакцияга Кадыралиевдин жакындары билдиришти.

Белгилесек, буга чейин саясатчынын бөгөт чарасы каралып жатканда соттун алдына Мадумаровдун тарапташтары чогулган. Алардын арасында Орунбай Кадыралиев да болгон.

"Аны митингде сүйлөгөн сөзү үчүн 21-сентябрда УКМКга алып кетишти. Буга чейин да кармашып, ар кандай күнөөлөрдү мойнуңа илебиз деп коркутуп коё беришкен. Буга чейин Мадумаровду колдогон митингдерде сүйлөп келген. Саясий максаты деле жок, болгону өлкөдөгү адам укуктары тебеленип жатканын көрүп нааразылык акцияларга катышып жүргөн", - дешти Кадыралиевдин жакындары.

Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14510