Адахан Мадумаровдун тарапташтары соттун алдына топтолушту
RU

Адахан Мадумаровдун тарапташтары соттун алдына топтолушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунда мамлекетке чыккынчылык кылганга шектелип, камакка алынган Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын арызы каралууда. Соттун имаратынын алдына Мадумаровдун ондогон тарапташтары чогулушту.

Алар "Эл уулуна боштондук", "Мадумаровго боштондук", "Көзүңөрдү ачкыла" деген чакырыктарды айтышты.

Соттун имаратынын кире беришинде турган сот аткаруучулар эч кимди өткөрбөй жатышат.

Ал эми депутат Гуля Кожокулованы соттун имаратына киргизишти.

Белгилесек, буга чейин Адахан Мадумаровдун жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылышкан.

Адахан Мадумаровдун кармалышы (11 статей)
Ырчы KG Эльмурат сурактан чыкты
13 Ноябрь 2023, 17:33
Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды
26 Октябрь 2023, 13:25
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок
20 Сентябрь 2023, 11:03
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14388