Кубанычбек Самаковго депутаттык күбөлүк тапшырылды
RU

Кубанычбек Самаковго депутаттык күбөлүк тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Кубанычбек Самаковду №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.

БШКдан билдиришкендей, Кубанычбек Самаковго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Эске салсак, 10-сентябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутаттыкка мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда добуштарды электрондук түрдө жана кол менен саноодо Кубанычбек Самаков алдыга чыккан - 5273 же шайлоочулардын 26,14%.

Жалпысынан КР Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө 32 мыйзам бузуулар тууралуу маалымат түшкөн. Анын ичинен 18и шайлоо күнү жана андан кийин түшкөн. Бардык арыз, даттануулар каралып, алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14528