Ленин округу боюнча кайра шайлоо. БШК добуштарды кол менен санап чыкты
RU

Ленин округу боюнча кайра шайлоо. БШК добуштарды кол менен санап чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептѳѳ аяктаганын маалымдайт.

​Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар электрондук маалыматтар менен дал келген. Добуштардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле талапкер Кубанычбек Самаковго таандык. Ага 26,14%, же 5279 адам добуш берген.

Ал эми Алмаз Аскар уулу - 13,04%, Жамалбек Ырсалиев - 8,70%, Русланбек Тагаев - 18,99% алган. Алардын бардыгына 100 миң сом шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.

Шайлоочулардын 2,83% баарына каршы добуш беришкен.

Эске сала кетсек, 10-сентябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутаттыкка мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоодо Кубанычбек Самаков алдыга чыккан. Бирок айрым талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип чыгышты.

Бардык арыздарды БШК текшерет. Алар каралып чыккандан кийин гана шайлоо өттү деп таанылат жана анын жыйынтыгы жарактуу деп табылат.

Башкы беттеги сүрот иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14364