Кылмыштуу топтун мүчөсү Казак зордуктоого шектелип, издөөгө алынды
RU

Кылмыштуу топтун мүчөсү Казак зордуктоого шектелип, издөөгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюшкан кылмыштуу топтун Казак каймана аттуу мүчөсү издөөгө алынды. Ал зордуктоого шектелип жатканын Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, июнь айында 25 жаштагы жергиликтүү тургун милицияга кайрылган. Арыздануучунун айтымында, М.У. жана анын эки досу зордуктап кеткен.

Факты каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Бирок шектүүлөр изин жашырып жүргөндүктөн, бүгүн, 26-сентябрда Казакка издөө жарыяланды.

Kaktus.media редакциясына берилген маалыматка ылайык, жабырлануучу менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, анын достору түнкү клубда таанышышкан.

Белгилесек, ушул жылдын май айында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Казак жана анын шериги опузалап талап кылууга шектелип кармалган. 30-майда Ош шаардык соту шектүүлөрдү жашаган жеринен алыска чыкпоо шарты менен бошоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14555