Азия оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль утту
RU

Азия оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль утту.

Спортчу 90 кг салмак категориясында алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде, жарым финалда эмираттык спортчуну жеңип финалга жолдомо алды.

Финалдык беттеште ал өзбекстандык Давлат Бобоновду жеңип алды.

Белгилей кетсек, бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы медаль.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14559