Ханчжоу шаарында Азия оюндарынын ачылышы болду. Кыргызстандын курамасы
RU

Ханчжоу шаарында Азия оюндарынын ачылышы болду. Кыргызстандын курамасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-сентябрда 2022-жылы жайкы Азия оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү (оюндар алгач 2022-жылдын сентябрында болмокчу, бирок коронавирустун айынан бир жылга жылдырылган, ред - Kaktus.media). Иш-чара Ханчжоу олимпиадалык спорт борборунун стадионунда өттү.

КР Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришкендей, ачылыш аземде уюштуруучулар Азия оюндарынын конокторуна жана катышуучуларына жаркын шоу тартуулашты.

Ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн парады болду.

Спортчулардын парадына Азиянын 45 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты. Спортчулардын жүрүшүндө Кыргыз курама командасынын штандартын волейболчу Оңолбек Каныбек уулу жана фехтование спортчусу Камила Абдыл-Хамитова көтөрүштү.

Эске сала кетсек, Ханчжоу-2022 Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын курама командасынын атынан 160ка жакын спортчу катышып, спорттун 23 түрү боюнча медалдар үчүн ат салышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14533