Cот ЭлТРдин "ПолитКлиникага" каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырды
RU

Cот ЭлТРдин "ПолитКлиникага" каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ЭлТРдин "ПолитКлиника" медиасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарды. Анда сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды. Бул туурасында "ПолитКлиниканын" сайтында кабарланды.

Сот "ПолитКлиниканын" журналисти Тыныстан Асыпбектин "Детектор" көрсөтүүсүндө айткан бир катар сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирди. Тагыраагы, "ЭлТР телеканалынын кезектеги калпын жана манипуляциясын айтып беремин", "2020-жылдан октябрь айынан тартып, өлкөнүн энерго тармагына сырттан насыялар алынган. Журналисттердин С.Жапаров мезгилинде энергетика тармагына бир да сом карыз алынган эмес деп маалымат тараткандыгы калп экенин далилдеп турат","Башкача айтканда ЭлТР телеканалынын журналисттери С.Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалымат жалган жана манипуляция болуп эсептелинет" деген сөздөрдү төгүндөө чечими чыкты.

Ал эми доогердин башка өтүнүчтөрү канаттандырылган жок.

"ПолитКлиниканын" кызыкчылыгын сотто коргогон юристтердин айтымында, соттун чечими 5 жумушчу күндө колго тиет, ошондон кийин ага анализ жүргүзүп, апелляциялык арыз даярдоо маселеси талкууланат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14564