Сот ЭлТРди "ПолитКлиникага" каршы арызын толуктап келүүгө милдеттендирди
RU

Сот ЭлТРди "ПолитКлиникага" каршы арызын толуктап келүүгө милдеттендирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын "ПолитКлиника" басылмасына карата доо арызын карады.

Какtus.media сайтына жоопкер - "ПолитКлиниканын" жетекчиси Дилбар Алимованын билдиргенине караганда, сот кайрадан доогерге доо арызды туура түзүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Судья ЭлТРдин юристтеринен доону толуктап алып келүүнү экинчи ирет суранып жатат. Жыйынтыгында сот дагы жылдырылды, 6-июнда болот", - деди Алимова.

Белгилесек, ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко кайрылып, 10 миллион сом доо койгон. Ошондой эле ЭлТР Маданият министрлигине арыз менен кайрылган. Министрлик ЭлТР телеканалынын "ПолитКлиника" сайтын жабуу өтүнүчү менен кайрылуусун четке каккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12318