"Чөп чыга баштады". Депутат Нарындагы аба майданга төшөлгөн асфальттын сапатын айтты
RU

"Чөп чыга баштады". Депутат Нарындагы аба майданга төшөлгөн асфальттын сапатын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Улан Бакасов Нарындагы аба майданга төшөлгөн асфальтка чөп чыгып жатканын, сапатсыз курулганын айтты. Эл өкүлү бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Нарындагы аэропорттун учуу тилкесине асфальт төшөлгөн. Бирок азыр асфальттын үстүнө чөп чыга баштады. Сапаты начар. Ким көзөмөлдөгөн, кандай жасалган? Канча акча кетти? Ушул маселе качан каралат?", - деди ал.

Ошондой эле депутат Нарын облусундагы жол маселеси качан чечилерине кызыгып, кыш жакындап калганын эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14566