Жакын арада Нарынга учак менен баруу мүмкүн болот. Курулуш иштери аяктоо алында турат
RU

Жакын арада Нарынга учак менен баруу мүмкүн болот. Курулуш иштери аяктоо алында турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунда иш сапары менен жүргөн Садыр Жапаров аэропорттун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, "Нарын" аэробекетинин жаңы имаратынын курулушу аяктоо алында турат.

"Манас" аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов аткарылган иштер тууралуу президентке маалымат берди.

Анын айтымында, аэропорттун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон – 1974-жылы ишке берилген.

Ошондой эле ушул жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жокутугунан аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, ошондой эле Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10839