Надира Нарматова эркектер колунан келбесе деле кызмат талаша берет дейт
RU

Надира Нарматова эркектер колунан келбесе деле кызмат талаша берет дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова эркектер колунан келбесе деле кызмат талаша берет дейт. Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, билимдүү, тажрыйбалуу айымдарга кызмат берүүнү талап кылды.

Депутат аялдардын тең укуктуулугун коргоо боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эч кандай иш алып барбай жатканын белгиледи.

"Эч кандай жумуш жасабайсыңар. Коомдук уюмдардын, ак элечек кийген байбичелердин жыйынына барып, кокоюп отуруп келгенден башка жумуш жасабайсыңар. Аялдардын укуктары тебеленип эле келе жатат. Силерге аялдар кара жумушка гана керек. Алардын билимин, тажрыйбасын пайдаланганды билбейсиңер. Жулунуп турасыңар, колуңардан келбесе да кызмат талаша бересиңер. Же туура эмеспи? Министрлик эмне үчүн гендердик саясатты талап кылбайсыңар? Мамлекеттин ичинде билимдүү, тажрыйбалуу аялдар толо. Кызмат бергиле", - дейт.

Эмгек министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев аялдардын бирдей укуктуулугун камсыздоо боюнча жоопкерчилик каралып жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14570