"Өлгөндөн кийин кел дептир". Депутат зордук-зомбулуктун күчөшүнө милицияларды күнөөлөдү
RU

"Өлгөндөн кийин кел дептир". Депутат зордук-зомбулуктун күчөшүнө милицияларды күнөөлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар, бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиги жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Анда депутат Шарапаткан Мажитова мыйзам негизинен иштебей турганын айтты.

"Мамлекет эч кандай кепилдик бербейт. Аялдардын укуктарын коргоо, алга сүрөө, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча бизде эч кандай иштер жүргүзүлбөйт. Акыркы учурлардагы аялдарга болгон зордук-зомбулук, кысымдар мыйзамдын сакталбаганынан улам болууда", - деди ал.

Эл өкүлү укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, бүгүнкү күндө зордук-зомбулукка кабылган аялдар боюнча маалыматты тактады.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 8 айдын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факты катталып, анын ичинен 19 факты орчундуу экенин айтты. Урмамбетов зомбулук фактысы былтыркыга салыштырмалуу өскөнүн белгиледи.

Шарапаткан Мажитова ИИМдин өкүлү берген маалымат өлкөдө катталып жаткан фактылардын үчтөн бири эле дейт. Ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күн санап өсүп жатканын кошумчалады.

"Көпчүлүк зордук-зомбулук фактылары айтылбай калат, арыз да жазылбайт. Сиз айткан цифраны 3кө көбөйтсөк болот. Бул 27-30 миң факты дегенди билдирет. Октябрь мырза, аялдардын кызматтык орундарын көбөйтүүңүздөрдү суранат элем. Себеби, аялдардын арманын аялдар гана түшүнөт. Мына, эркектерге барса "өлгөндөн кийин кел" дептир. Ошол милицияларды камап, жоопкерчиликке тартыш керек. Ошолордун кесепетинен өлүмдөр көбөйүп жатат. Зордук-зомбулуктун акыркы кезде күчөп баратканына сиздер күнөөлүүсүздөр", - дейт депутат.

Министрдин орун басары эл өкүлү туура айтканын белгилеп: "Кой аксагы менен 100" дейт, бизде да кемчилик кетирген кызматкерлер бар. Ал боюнча ИИМдин өзүнүн уставдарынын негизинде дисциплинардык чаралар көрүлүүдө", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14569