"Азаттык" Кемпир-Абад боюнча материалдарын өчүрдү
RU

"Азаттык" Кемпир-Абад боюнча материалдарын өчүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Суу чарба кызматынан кайрылуу түшкөн. Анда "Азаттык" медиасына жарыяланган "Өзбекстан Кемпир Абад суу сактагычынан ичүүчү сууну Фергана шаарына тартып баштоону пландап жатат", "Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт" деген материалдар чындыкка дал келбей турганын, мындан улам тез арада өчүрүү өтүнүчүн келтирген.

Маалыматта айтылгандай, "Азаттык медиасынын" материалдарында: "Буга чейин Кыргызстанга тиешелүү болгон Кемпир-Абад суу сактагычы 2022-жылы Өзбекстанга өткөн" деп көрсөтүлгөн. Бул такыр чындыкка дал келбейт деп айтылат.

"Суу сактагычтын дамбасын 1965-жылы өзбек тарап куруп, 2022-жылга чейин толугу менен Өзбекстандын карамагында болгон. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашууга ылайык, 2022-жылдан бери тараптар суу сактагычты теңме-тең (50/50) башкарууда", - деп айтылат Суу чарба кызматынан маалыматында.

Буга байланыштуу "Азаттык" медиасына жогорудагы материалды 24 сааттын ичинде бардык аянтчалардан алып салуу зарылчылыгы тууралуу эскертүү берилген. Редакциянын жооп катында аталган материалдар министрликтин чечими кабыл алынганга чейин эле бардык платформалардан өчүрүлгөнү айтылат.

Белгилесек, "Азаттык" медиасынын жогорудагы материалын Садыр Жапаров көргөнүн, маалымат так эместигин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14576