"Азаттыктын" YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды
RU

"Азаттыктын" YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-июлда "Азаттыктын" YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу басылма өзү билдирди.

"Google корпорациясынын видеохостинг тобу киберчабуул фактысын тастыктады жана порталдагы "Азаттык" каналынын ишин калыбына келтирүү боюнча иш алып барууда", - деп айтылат редакцияда.

"Бул чабуулду ким жана кандай максатта жасаганы азырынча белгисиз, маалымат такталууда.

"Азаттыктын" YouTube каналында дээрлик 2 миллион катталуучу бар жана YouTube Алтын баскычынын ээси", - деп жазат басылма.

Эске салсак, 12-июнда "Азаттык Медиа" чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрүп, соттук териштирөөлөр токтогон. Тараптар тынчтык келишимине кол коюшкан.

2022-жылдын 26-октябрында Маданият министрлиги "Так эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын негизинде "Азаттык" жана "Настоящая время" сайттары жабылганын жарыялаган. Мындай чара өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген такталбаган материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалымат) жооп кайтарууга байланыштуу экени маалымдалган. Арыз берүүчү Маданият министрлигинин өзү эле. Андан соң "Азаттыктын" банктагы эсептери бөгөттөлдү.

Кийин Ленин райондук соту Азаттыкты жабуу чечимин чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13422