Мурунку аялынын кулагын жана мурдун кескен адам сегиз жылга эркинен ажыратылды
RU

Мурунку аялынын кулагын жана мурдун кескен адам сегиз жылга эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы аялынын кулагын жана мурдун кесип салган деп шектелип жаткан Азамат Эстебесов сабап, зордуктоо боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 27-сентябрда Чүй облустук соту чыгарды.

Эске салсак, былтыр жабырлануучу Асел Азамат Эстебесовго каршы арыз жазып, бирок кийин иш токтотулган. Кийинчерээк дагы бир зордуктоо фактысы катталып, андан кийин Сокулук райондук соту аны беш жылга эркинен ажыраткан, бирок анын балдары жана карыган апасы бар экенин эске алып, Эстебесов үч жылга шарттуу кесилген. Эстебесов өкүмгө макул болбогондуктан облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган.

Буга чейин Чүй облустук сотундагы соттук отурумдар ар кандай шылтоолор менен жылдырылып келген. Бүгүн, 27-сентябрда сот жараяны өз мазмуну боюнча уланды. Белгилей кетсек, бул зордуктоо боюнча кылмыш иши болгондуктан соттук отурум жабык эшик артында өттү.

Сот отурумун Чүй облустук сотунун коллегиясы өткөрдү. Төрага – Т.Абдрашитов, судьялар – У.Калыбеков, А.Абдукапаров, прокурор – А.Шыгаев.

Белгилей кетчү нерсе, шектүүгө мыкаачылык менен өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш боюнча өзүнчө соттук териштирүү болот.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага кулагы жана мурду кесилген аял түшкөн. Бул ишке шектүү катары аялдын мурунку күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал киши аны бир нече жолу сабап, зордуктаганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14578