АКШда Шевченко менен Грассонун беттешинин жыйынтыгына нааразылык билдиришти
RU

АКШда Шевченко менен Грассонун беттешинин жыйынтыгына нааразылык билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Невада штатынын атлетикалык комиссиясынын (NSAC) аткаруучу директору Жефф Маллен UFC уюмунун кыз-келиндер арасындагы чемпиондук титул үчүн мексикалык Алекса Грассо менен кыргызстандык Валентина Шевченконун ортосундагы беттештин жыйынтыгы менен макул эместигин билдирди.

17-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн Шевченко менен UFCнин жеңил салмактагы кыз-келиндердин учурдагы чемпиону Грассонун беттеши тең чыгуу менен аяктап, мексикалык мушкер айым титулду сактап калган.

Судья Майк Белл акыркы, бешинчи раундду 10-8 эсебинде Грассонун пайдасына чечкен эле.

Басылманын маалыматы боюнча, Маллен жана NSAC өкүлдөрү кармаштын беш раундуна анализ жүргүзүшкөн. Күрөштүн бешинчи раундуна келгенде, калыстардын баары 10-8 балл болбошу керек эле деген пикирге келишти.

"Майк - дүйнөдөгү эң мыкты калыстардын бири. Ал мурдагыдай эле мыкты судья. Бирок мен анын бул раундда берген баасына кошулбайм", - деп ESPN Муллендин сөзүн келтирет.

Калыстардын баамында, акыркы раундду 10-9 эсебинде Грассонун пайдасына чыгаруу туура болмок (анда төрт раунддун жыйынтыгында Шевченко Грассодон 2 упайга алдыгачыкмак. Ред - Kaktus.media). Буга ылайык Шевченко чемпиондук титулун кайтарып алмак.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14579