Жанар Акаев зордуктоого айыпталгандарга пробация колдонбоону талап кылды
RU

Жанар Акаев зордуктоого айыпталгандарга пробация колдонбоону талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев зордуктоого айыпталып, түрмөгө кесилгендерге пробациялык көзөмөл жайылтылбашы керек дейт. Бул туурасында эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат соттор мыйзамдагы жылчыкчаларды таап алган дейт.

"Жогорку Сот менен Пробация департаментинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери эле 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган, жашы жете электерди зордуктаган 88 адам пробация менен абактан чыгып кетиптир. 2 жылга жетпеген убакыттын ичинде 5 берене менен бошогондордун саны 100дөн ашыптыр. Алар жашы жете электерди, өспүрүмдөрдү зордуктаганы менен тез аранын ичинде эле абактан чыгып кетет экен.

Бир фактыны айтсам үрөйүңөр учат. Пробация менен чыгып кеткен соттолуучу өспүрүм кызга кайра барып, зордуктап, кайра боюнда болуптур. Мына, соттор ушинтип шарттуу кесип салат", - деди ал.

Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр боюнча буга чейинки сунуш биринчи окуудан өткөнүн, азыр экинчи жана үчүнчү окуудан өткөрүү керектигин белгиледи.

"Мен өзүмдүн сунуштарымды кат жүзүндө тиешелүү комитетке бердим. 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган, зоруктаган кылмышкер, мыкаачылар үчүн пробация иштебеши керек. Алар оор жазага тартылган, түрмөдөн бошотконго бүт жагынан бөгөт коюшубуз зарыл", - деп талап кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14583