Өлкөдө аялдарга акысыз медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт
RU

Өлкөдө аялдарга акысыз медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" швейцариялык долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгын жарыялады.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, бүткүл өлкө боюнча белгиленип жаткан "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы аялдардын жугуштуу эмес ооруларын алдын алууну жана эрте аныктоону колдоого багытталган.

Калкка жугуштуу эмес ооруларды (мисалы, алкоголдук ичимдиктер, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы) алдын алуу жана алардын тобокел факторлору жөнүндө маалымат берүү ошондой эле баштапкы медико-санитардык жардам деңгээлинде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү акциянын негизги элементтери болуп саналат.

"Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы жыл сайын октябрь айында өткөрүлөт жана бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.

Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Азыркы тапта долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишин баштады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: aristodevelopers.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14616