2 жашар баланын өлүмү. Кылмышка келин менен жарандык жолдошу шектелүүдө
RU

2 жашар баланын өлүмү. Кылмышка келин менен жарандык жолдошу шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке жакын Көк-Жар айылында 2 жашар бала ур-токмоктон улам чарчап калган. Анын өлүмүнө апасы менен анын жарандык күйөөсү шектелип жатканын Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

28-сентябрда Аламүдүн РИИБине 2021-жылы туулган бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 2021-жылдын туулган баланын денесинде ар кандай ур-токмоктон пайда болгон көгала тактар бар экенин аныкташкан.

Аталган факты катталып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык эксперттердин маалыматына ылайык, бала ур-токмоктон алган оор жаракаттарынан, боору жарылып кеткендиктен чарчап калган.

Кылмышка шектүү катары баланын энеси 2000-жылы туулган жаран жана анын жарандык жолдошу, чет мамлекеттин жараны 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14634