Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет
RU

Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 12-октябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчысы менен Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУнун Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14642