Акылбек Жапаров суунун аздыгы боюнча: Эми Алла Таала ошондой кылып коюптур
RU

Акылбек Жапаров суунун аздыгы боюнча: Эми Алла Таала ошондой кылып коюптур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында Акылбек Жапаров суунун тартышыгы боюнча Министрлер кабинети эч нерсе кыла албай турганын, бул Кудайдын каалоосу экенин айтты.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жатканын, кышында дагы азайышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Токтогул ГЭСи кыш мезгилинде кандай иштейт деп кызыкты. Буга энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берип жатканда Акылбек Жапаров сөзгө аралашты.

"Эми Алла Таала ошондой кылып коюптур, Кыргызстанда ар бир 5 жылдан кийин 2 жыл катары менен суу аз болот экен. Сиз экөөбүздүн багыбызга 2022-2023-жылдар туш келди. Мындан мурда 2015-2016-жылдары суу аз болгон. Андан да мурда 2008-2009-жылдары, 2001-2002-жылдары да аз болгон. Биз эми колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз, мактанып, даярбыз, бир дагы жерде свет өчпөйт деп актана бергенден алыспыз. Бирок былтыркыга караганда даярдыктар жаман эмес", - деди.

Акылбек Жапаров суунун аз болгонун коңшу мамлекеттер да түшүнүп жатканын, мындан улам кошуналар менен тил табышуу оңой болуп жатканын кошумчалады.

"Айлабыз кетсе сууну көбүрөк агызабыз. Көбүрөк электр энергиясын алып, элибиздин керектөөсүн жабабыз. Бизге элибиздин кызыкчылыгы бөлөк мамлекеттердин кызыкчылыгына караганда өйдөрөк турат", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14643