Энергетикалык кризиске каршы Министрлер кабинетинин "Б" планы бар. Видео
RU

Энергетикалык кризиске каршы Министрлер кабинетинин "Б" планы бар. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөгү энергетикалык кризиске каршы Министрлер кабинетинин "Б" планы бар. Бул туурасында парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Өзбекстан, Россия жана Түркмөнстан электр энергиясын көйгөйсүз жеткире алат. Эгер маселе жаралса Министрлер кабинетинин "Б" планы бар.

"Эгерде импорт боюнча көйгөй жаралса, Бишкек ЖЭБин максималдуу иштетебиз. Сууну агызбай, кармайбыз. Андан тышкары 31-декабрга чейин 98,7 мВт электр энергиясын кошумча киргизебиз. Чакан ГЭСтерден 100 мВт, Бишкек ЖЭБден 150 мВт, Токтогул ГЭстен кошумча 60 мВт ишке киргизебиз. Бизде ушундай "Б" планы бар. Өзбек тарап да ойлонуп жатат, эгерде электр энергиясын бербей койсо жайында суусуз каларын түшүнүп жатышат. Алар айтып жатышат, электр энергиясын беребиз, силер сууну сактап бергиле деп жатышат", - деди ал.

Буга чейин Акылбек Жапаров алдыдагы кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болорун айтып, калкты светти үнөмдүү пайдаланууга чакырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14466