Камчыбек Көлбаев өлтүрүлдү. УКМК маалыматты расмий тастыктады
RU

Камчыбек Көлбаев өлтүрүлдү. УКМК маалыматты расмий тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин борборунан Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) кармоо операциясы жүрдү.

Саат 17:00гө карата Көлбаев кармоо операциясын жүргүзүп жаткандарга жооп кайтара баштаганда каза болгон. Бирок бул маалыматты эч бир расмий орган тастыктай элек.

Саат 19:00гө карата УКМК крим төбөл Камчыбек Асанбектин каза болгонун расмий түрдө тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп, кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышты.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө.

Ошондой эле К.Асанбекке каршы кылмыштуу топтун лидери Дөө Чыңгыз каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 4-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин жүргөн жери (Ибраимов көчөсүндөгү "Блондер паб" ресторанында) аныкталып, ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. Спецназдардын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан, УКМКнын кызматкерлери жооп иретинде ок чыгарышкан. Жөнөкөй жарандар жана спецназдар арасында жабыркагандар жок.

Бул фактынын негизинде 261-берененин 1-бөлүгү, 267-берененин 2-бөлүгү, 37-берененин жана 122-берененин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Абайлаңыз, сүрөт!

Спойлер
Жабуу

Камчыбек Көлбаев Кыргызстандагы криминалдык авторитет – Кыргызстандын "смотрящийи" деп эсептелген. ММКлар жазгандай, ага 2008-жылдын 23-апрелинде Москвада бул каймана атты Япончик лакап аты бар В.Иванков жана Дед Хасан ыйгарган. Ал Ысык-Көл облусунун тургуну. Бирок соттордун чечими менен ал толугу менен акталган эле.

Буга чейин, Kaktus.media редакциясынын өзүк булактары Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жаткан жерге бир канча тез жардам унаасы келгенин кабарлашкан.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да жеринде. Башкы прокурор Курманкул Зулушев да окуя болгон жерге келишкен.

Эскерте кетсек, буга чейин "Учкун" ААК аймагында (Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилиши) ок атышуулардын үнү угулуп жатканы маалымдалган. Ал жерде атайын техника, атайын күчтөр бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, УКМКнын борбордук аппараты жана "Альфа" атайын күчтөрү иштеп жатат. Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) кармоо операциясы жүрүп жатканын ар кайсы укук коргоо органдарындагы булактар Kaktus.media редакциясына кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14649