СИЗОнун аймагында соттолгондор чогулган сүрөт боюнча ЖАМК билдирүү таратты
RU

СИЗОнун аймагында соттолгондор чогулган сүрөт боюнча ЖАМК билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаза аткаруу кызматы мессенджерлерде, социалдык тармактарда тарап жаткан колониянын аймагында чогулган соттолуучулардын сүрөтү боюнча комментарий берди. Бул Москва районунун Петровка айылындагы 8-СИЗОнун сүрөтү.

Жазаларды аткаруу кызматынын бул "эски сүрөт болушу мүмкүн" деп жооп берди.

Бирок бул сүрөт Петровкадагы No8 СИЗОдо 4-октябрда тартылганын укук коргоо органдарындагы булактар ​​тастыкташты.

Эскерте кетсек, 4-октябрда саат 14:30дар чамасында Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Учкун" ААКсынын жанында ("Blonder Pub" ресторанында) атышуу болгондугу белгилүү болгон. УКМКнын атайын отряды кримтөбөл Камчыбек Асанбекти (Көлбаев) кармады. "Учкундун" айланасы курчоого алынып, окуя болгон жерге бир нече тез жардам унаалары келген. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев да келишти. Көп өтпөй Kaktus.media сайтынын бир нече булактары Камчы Көлбаев өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан, бирок анын жактоочусу жана бийлик өкүлдөрү муну бир нече саат бою тастыкташкан эмес. Саат 19:00дөр чамасында УКМК аны кримтөбөл Дөө-Чыңгыздын өлүмүнө катыштыгы бар деп камакка алуу аракетинде Көлбаев курал колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ал жок кылынганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, "Дарыгерлер Камчыбек Асанбектин октон алган жаракатынан каза болгондугун тастыкташты, УКМКнын кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14650