Депутат билим берүү министрине талапкердин жазган постторуна сын айтты
RU

Депутат билим берүү министрине талапкердин жазган постторуна сын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында Камила Талиева экс-министр Каныбек Иманалиевдин таламын талашты. Ал Догдуркүл Кендирбаевага кайрылып билим берүү жана илим министрлигине бараткан киши аналитик болушу керектигин белгиледи.

Депутат этикага туура келбеген нерселерди айтпоону да сунуштады.

"Өткөндө Айбек Маткеримов "Каныбек Иманалиев кызматтан эмнеге кеткенин билесизби десе - билем" дедиңер. Мамлекеттик кызматкердин этикасында кызматкер өзүнөн мурунку министр болобу, ким болот этият болуп сүйлөшү керек да. Сиз айттыңыз "окуу китеби менен камсыз кылбаганы үчүн" деп. Каныбек Иманалиев 6 ай эле иштеди, бир окуу китепти даярдоо үчүн кеминде 2 жыл убакыт кетет экен. Аны жакшы билсеңиз керек. Ал эми апробациясына 6 ай керек экен. Ошондо ал киши 6 ай эле иштеди, бул китептин басылып чыгышына жетишсиз. Ошондуктан бул кишинин юридикалык жактан күнөөсү жок деп айтам. Билсеңиз да "билбейт экем" деп койсоңуз болмок. Жашоо бумеранг, сизди да сизден кийинки министр ушинтип отурса кандай болот?", - деп белгиледи.

Ошондой эле Камила Талиева билим берүү министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаевага соцтармактагы баракчасына жазган посттору үчүн сын айтты.

"Сиздин жазган постторуңузду окуп жатам, стилистикалык жагын карап койсоңуз. 30-сентябрда пост койгон экенсиз, кыргыз тилиндеги кош сөз, кошмок сөз, тыныш белгилер деген эрежелерди карап койсоңуз. Сиз билим берүү министрисиз да, кынтыксыз, катасыз жазышыңыз керек. Абдан опурталдуу - тыныш белгилерден ката кетирип жазыптырсыз. Кийген кийимиң, бутуңа тапичке киесиңби, туфли киесиңби ошону да жаза бербеш керек. Ушуну эске алсаңыз", - деп сунуштады.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу сунушту эске аларын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14660