Догдуркүл Кендирбаева айылдагы орус тилдүү класстар эмнеге жабылышы мүмкүндүгүн түшүндүрдү
RU

Догдуркүл Кендирбаева айылдагы орус тилдүү класстар эмнеге жабылышы мүмкүндүгүн түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева социалдык комитеттин жыйынында айыл жерлериндеги айрым орус класстар жабылышы мүмкүн экенин айткан. Анын мындай пикири талкууга алынып, суроолорду жараткан.

Буга Догдуркүл Кендирбаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кеңири түшүндүрмө берди. Ал айыл жериндеги орус тилдүү мектептер эмес, орус класстар жабылышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

"Учурда айрым кыргыз тилдүү мектептерде орус класс ачып алышып, орус тилинде сапаттуу билим берүүнү камсыз кылган мугалимдери жок, бала чайналып толук кандуу кыргызча же орусчаны өздөштүрө албай, арабөк калгандарды көрүп жатам. Айыл жеринде андай класста окуган окуучулардын ата-энелери көп кайрылышты "орус тилинде сабак өтө турган мугалимдерди таап бербесеңер балдарыбыз тилди такыр өздөштүрө албай жатышат, бул маселени чечип бергиле" деп. Айрыкча, башталгыч классты орусча окутуп, андан ары орус тилинде уланта турган предметтик мугалимдери жок, кайра кыргыз тилинде уланткан фактылар бар.

Орус тилдүү мугалимдерди, окуу методикалык комплекстери менен жетиштүү деңгээлде камсыздабай туруп баланы орус тилинде окутуу гумандуу педагогика принциптерине туура келбейт. Муну менен педагогикалык жетишкендигин камсыз кыла албайбыз, биз балдарыбыздын убалына калабыз.

Балдарга орус тилинде билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандыра албагандан кийин андай натыйжасыз классты жаап салган туура деген ойду билдирдим. Анткени тилден өксүгөн бала билимден өксүп, жаңы бийиктикке ишенимдүү кадам таштай албайт", - деди ал.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева орус тилдүү мугалимдерди, башталгыч класстын мугалимдерин мектепке жумушка чакырып, айрыкча айыл мектебине орундар көп экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14637