Талас шаарынын "смотрящийи", Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Тайсон кармалды
RU

Талас шаарынын "смотрящийи", Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Тайсон кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун Тайсон каймана аттуу мүчөсү кармалды. Ал пара талап кылууга шектелүүдө.

Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, Тайсон (С.М.Ж.) кримавторитет Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Талас шаарынын смотрящийи болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.Ж. компроматтык маалыматтарды ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп унаа мектептин мугалими А.Б.Аны коркутуп, кысым көрсөтүп 70000 сом акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында С.М.Ж. опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30000 сом акча каражатын алып жаткан учурунда кармалып Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тинтүү учурунда анын жанынан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кара куурай табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталгаништер улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14663