Тарыхый учур! Каратэчи Адилет Шадыканов Азия оюндарында финалга чыкты
RU

Тарыхый учур! Каратэчи Адилет Шадыканов Азия оюндарында финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Адилет Шадыканов каратэ боюнча Азия оюндарында финалга чыкты. Белгилей кетсек, оюндар ушул күндөрү Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жатат.

Азия оюндарынын расмий сайтында маалымдалгандай, Шадыканов 84 килограммдан жогорку салмакта күч сынашып, Сауд Аравиянын өкүлү Тарег Али Хамеди менен беттешип, 5:4 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн Ирандын өкүлү Сажжад Ганзаде менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, бул окуяны Кыргызстан үчүн тарыхый деп атоого болот, анткени буга чейин спорттун бул түрү боюнча Азия оюндарында кыргызстандыктардын бири да алтын үчүн күрөшкөн эмес.

Кечээ, 5-октябрда Назим Нурланов бул спорттун тарыхында алгачкы Азия оюндарынын медалын жеңип, Кыргызстандын капчыгына коло байге алып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14671