Селекцияда мурдагы күйөөсү тарабынан зордукталган келиндин иши. Сот шектүүнү бошоткон
RU

Селекцияда мурдагы күйөөсү тарабынан зордукталган келиндин иши. Сот шектүүнү бошоткон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жылдын ичинде Аселге мурунку күйөөсү тарабынан 20 миңге жакын коркутуп-үркүткөн телефон чалуулар жана билдирүүлөр түшкөн. Бул тууралуу Селекция айылында кулагы менен мурду кесилген келиндин таежеси Айнура Балтабаева депутаттар менен жолугушууда билдирип, бир жыл мурунку окуяны (кулак, мурдун кескенге чейин) эскерди.

Анын айтымында, Аселдин мурунку күйөөсү ар бир билдирүүсүндө аны бычактап өлтүрөм деп коркутуп келген.

"Ал ооруканада көзүн ачкандан кийин ыйлап жиберди, сотко тизе бүгүп жалбарып, мурдагы жолдошун боштондукка чыгарбоосун суранган. Бирок анын көз алдында мурдагы жолдошунун колундагы кишен чечилип, сот залынан бошотулган. Аселдин мурунку күйөөсү бир жылда эле 20 миңге чейин чалуу, жазуу түрүндөгү билдирүүлөрдү жөнөткөн. "Бычактап өлтүрөм" деп коркуткан. Соттун ордунда аял болсо, ал түшүнмөк, аялдын көйгөйүн аял гана түшүнөт", - деди Балтабаева.

Белгилей кетсек, сөз зордуктоо иши боюнча 29-августта болгон сот процесси тууралуу болуп жатат. 20-сентябрда эркек киши аялга кол салып, андан кийин ал кармалган. 22-сентябрда ал СИЗОго жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14690