Бишкекте жол кыймылына 2 күнгө убактылуу чектөөлөр кирет. Тизме
RU

Бишкекте жол кыймылына 2 күнгө убактылуу чектөөлөр кирет. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-13-октябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул күндөрү Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары менен келет жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйыны өтөт.

Иш-чараларды өткөрүү учурунда Бишкектин жана Чүй облусунун төмөнкү көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Алар:

  • "Манас" аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
  • Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин, тагыраак айтканда:
  • Чүй көчөсү менен Манас прспектисинин кесилишинен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жибек-Жолу көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Алма-Ата көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, айланма (объездная дорога) жолуна чейинки бөлүгү;
  • Андан ары чыгыш айланма жолу аркылуу (объездная дорога) Кант шаарына чейин.

Ошондой эле бул иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу 12-13-октябрда Бишкектеги бардык мектептердин жана бала бакчалардын иши онлайн режимине өтөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Башкы беттеги сүрөт: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14701