"Фирменный" ырлары үчүн тойлорго чакыруу алган Бек Исраилов менен маек. Видео
RU

"Фирменный" ырлары үчүн тойлорго чакыруу алган Бек Исраилов менен маек. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Бек Исраилов жакында эле "Ну-ка, все вместе!" вокалдык шоусунда 99 эксперттин тандоосу менен сынактын жарым финалына өттү. Анын ийгилиги, сынакка катышуусу жана чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу Kaktus.kg сайты маектешти.

"Ну-ка, все вместе!" сынагы тууралуу

- Чынын айтсам, бул сынак мен үчүн башкача болду. Биринчи жолу теле долбоорго катышып жатам. Буга чейин эл аралык сынактарга катышып жүргөм, бирок алар 3-4 күндө эле 1-2-тур жана финал болуп бүтүп калчу. Ал эми бул долбоорго катышууга 2 апта кетти. Бул убакытта биринчи жана андан кийинки баскычтар тартылды. Өтө сонун сынак экен. Башка сынактардан айырмасы - адаттагыдай 9-10 калыс эмес, 100 эксперттин алдында ырдадык. Долбоордо өтө күчтүү атаандаштар көп болду. Деңгээли менен бийик турган сынак экен. Жакшы конкурс экен, мага аябай жакты.

"Славян базары" сынагы долбоорго катышууга себеп болгон

- 1 жыл мурда "Славян базары" конкурсуна катышып, калыстар тобундагы Яна Клявиня менен таанышып калгам. Ошол айым "муну менен токтоп калбастан Москвада өтө турган "Ну-ка, все вместе!" сынагына катыш, мен ойлойм, сен ошол жактан да ийгиликке жетишесиң" деген. Ошонун сунушунан кийин долбоорго катышуу ниетимди билдиргем, мага дароо канааттандырган жооп келди. Россиядан уюштуруучулар чалышты, 2 айга чукул даярдандык. Мен аткара турган ырдын жаңы аражировкасын беришти, бул жактан даярданып жаттым. Продюсер, музыкант, жардамчылар менен видео чалуу аркылуу байланышып турдук. Биринчи турга даярданууда көбүрөөк убакыт берилген. Андан кийинкилерине убакыт аз болуп калды. Кийинки аткарууларым кандай болуп калды деп ойлонуп жатам. Себеби биринчисинде 99 эксперттин, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болгондон кийин жарым финалдагы аткаруум кандай болуп калат болду экен, биринчидегидей эле жакшы кабыл алынабы деп сарсанаа болуп жатам.

Көптөгөн сынактарга катышуусу жана топтогон тажрыйбалары

- 2010-жылдан баштап сынактарга катышып баштагам. 15ке жакын сынакка катышсам керек. Арасында Гран-прини алган да, жеңишке жетип, жеңилип калган да учурлар болду. Жалпысынан чоң тажрыйба алдым. Сахнага чыкканда калыстардын алдында тартынбай ырдаганга дасыктым болуш керек. "Ну-ка, все вместе!" сынагында көптөгөн катышуучуларды көрдүм, даярданганда жакшы эле даярданышат, анан 100 кишинин алдына чыгып, музыкасы башталганда толкунданып, сөздөрүн унутуп, өздөрүн жоготуп жатышты. Бул сынактарга көп катышпагандыктан тажрыйбанын аздыгынан болот. Мен эми мактангандай болбоюн, бирок мактангандай болуп жатам: мен элдин алдына чыкканда жоопкерчиликти сезип, ырыма басым кылам. Эң башкысы уят болуп калбайын дейм. Толкунданбай, ырды бузбай ырдаш керек деп өзүмдү түздөйм.

Каржылык колдоону мамлекетке караганда жакындары көп көрсөтөт

- Чынын айтсам, бардык сынактарга жалгыз эле барганга аракет кылам. Эгерде сынакка барууга мүмкүнчүлүгүм болбой калса Кудайга шүгүр, жакын досторум, кыйын-кыйын байкелерим бар. Ошолор колдошот. Министрлик тараптан өздөрүнүн белектери болот, бирок каржылоо маселесин өзүбүз эле чечебиз. Каржылоонун 90% өзүбүздөн: тааныштар, бир туугандар, достор аркылуу. Эми музыка сүйүүчүлөрү көп да, ошондой колдогон адамдар "Бек, иним, сен сынакка баратыптырсың, мен учакка билет алып берейин, мен жатаканаңды каржылап берейин" деп колдогон кишилер көп. Ошондой кишилерге аябай баймын, рахмат.

2012-жылы "Жаңы толкун" сынагына продюсерим экөөбүз эле барганбыз кыргыздардан. Ошол эле сынакка башка мамлекеттин өкүлдөрү делегация менен барышып, арасында маданият министри, таасирдүү адамдары да жүрдү. Анан албетте алар кандайдыр бир сыйлыкка илинишет. Чындыгында жаман болуп калчубуз, бизге деле ушундай колдоо болсо биз деле жеңмек экенбиз депчи. Сынактан кийин өзүбүздү бул сынак деп жубатып коёбуз, унутуп калабыз.

Визиттик карточкага айланган ыры жана Мирбек Атабеков менен хит жаратуусу

- Былтыр "Алгалай бер" деген ырым чыккан. Биздин спортчуларыбыз олимпиададан жеңишке жеткенде илхом келип, жаралган. Ошол ыр азыр хитке айланды. Азыр кайсы гана спорттук иш-чара болбосун мени чакырышат. Балбандарыбыз утуп келиптир ушул ырды ырдап бер дешет. Азыр дагы 2-3 ыр жазып жатам. Ал ырлардын автору - №1 хитмейкер Мирбек Атабеков. Ал киши өкүл атам болгондуктан "сага көп ыр жаза албай жүрдүк, эми студия бар, буюрса сага жакшы ырларды жазып берем" деп көп ыр жазып берген. Ошолорду бирден чыгарып жатабыз. Андыктан жакында хит болот.

Тойлорго фирменный ырлары үчүн чакыруу алат

- Бизде, Кыргызстанда ырчылардын негизги кирешеси тойдон. Мен таптакыр тойго чыкпайм деп айтпайм. Айырмасы - мени көбүнчө англисче ырдап же сынакта аткарган орусча ырыңды ырдап бер же "фирменный" бир ырыңды аткарып бер деп чакырышат. Демек, менин чыгармачылыгымды түшүнгөн адамдар тойго чакырышат. Башкалардай болуп, албетте, 1 күндө 10-15 тойго чыкпайбыз. Бирок 2-3 тойго барып ырдап кетем. Кудайга шүгүр, жетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14703